Хамас: «Израиль өзү жактырган маселелерден баш тартты»

Хамас кыймылынын саясий бюро мүчөсү Усама эл-Хамдан Катар жана Египеттик арачылардын талаптарына жооп бергендерин жана Газа тилкесинде ок атышпоо үчүн Израиль менен макулдашууга ийкемдүүлүк көрсөткөндөрүн айтты.

2118353
Хамас: «Израиль өзү жактырган маселелерден баш тартты»

Палестинанын каршылык көрсөтүү уюму Хамас Израилдин талаптарына жооп бербей, мүмкүн болгон ок атышпоо үчүн мурда макулдашылган маселелерден баш тартканын жарыялады.

Хамас кыймылынын саясий бюро мүчөсү Усама эл-Хамдан Катар жана Египеттик арачылардын талаптарына жооп бергендерин жана Газа тилкесинде ок атышпоо үчүн Израиль менен макулдашууга ийкемдүүлүк көрсөткөндөрүн айтты.

Ливандын борбор шаары Бейрутта маалымат жыйын өткөргөн Хамдан төмөнкүдөй билдирүүлөрдү жасады: «Кыймыл келишимге жол ачкан ийкемдүүлүктү камсыз кылды. Келишим үчүн зарыл деп ойлогон принциптер жана негиздер боюнча ар тараптуу көз караш берилди. Кол салууларды токтотуу, жер которгондорду кайтаруу жана жардам агымын активдештирүү жагынан элдин жана каршылык көрсөтүүнүн артыкчылыктары аткарылышы керек».

Хамастын туткун алмашуу делосуна карата да позициясын ачыкка чыгарганына көңүл бурган Хамдан: «Кыймыл бул темада чоң позитивдүү жана ийкемдүүлүк көрсөттү жана келишимдин алдындагы тоскоолдуктарды жоюуга чечкиндүү болду. Коргоосуз жарандарыбызга карата кыргындарды жана геноциддик согушту токтотуу үчүн убакытты кыскартууга аракет кылдык»,-деди.

Хамастын ортомчулардын талаптарына жооп бергенин жана келишимге жол ачууга ийкемдүүлүк көрсөткөнүн жана эми кезектин Израилдин колунда экенин баса белгилеген Хамдан: ««Баскынчынын мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, алагды кылуу жана убакытты утууга аракет кылуудан, башаламандыкты жайылтуудан, жардамдын жеткирилишин камсыз кылган коопсуздук кызматкерлерин, полицияны жана жарандык комитеттерди бутага алуудан жана Рефах шаарын басып алуу менен коркутуудан баш тартышы күтүлүүдө»,-деди.

Хамастын ортомчуларга берген сунушуна Израилдин жообу жалпысынан терс болгонун эске салган Хамдан : ««Элибиздин талабына жана каршылык көрсөтүүнүн талаптарына жооп бербегени аз келгенсип, мурда бизге ортомчулар аркылуу жеткирилген өздөрү да жактырган маселелерден баш тартышты»,-деп айтты.

«Израилдин Газа тилкесиндеги тынымсыз жана кеңири масштабдуу өлүм жазасына тартуунун толук согуш кылмышы экенин» белгилеген Хамдан : «Израиль армиясынын курал-жарак жана АКШнын ачык колдоосу менен ишке ашырган кыргындардан АКШнын президенти Жо Байдендин башкаруусу жооптуу»,-деди.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларынан кеминде 14 миңи бала, 9 миң 220сы аял болгон 31 миң 923 палестиналык каза болуп, 74 миң 96 киши жараланды.

Урандылардын астында дагы миңдеген набыт бар экени кабарланууда.



Тектеш кабарлар