CELAC БУУнун Башкы Ассамблеясын Палестинаны толук мүчө катары таанууга чакырды

Шериктештикке мүчө 23 өлкөнүн бул темада «макулдашканы» белгиленген катта, Палестинанын БУУга толук мүчө катары таанылышы үчүн добуш берүү талап кылынды.

2118212
CELAC БУУнун Башкы Ассамблеясын Палестинаны толук мүчө катары таанууга чакырды

Латын Америка жана Кариб мамлекеттери шериктештиги (CELAC) Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кайрылып, Палестинаны Башкы Ассамблеяда “толук мүчө” катары таанууну суранды.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерришке кат жазган шериктештик, башка өлкөлөр сыяктуу Палестинаны да Башкы Ассамблеянын жыйналыштарында бардык укуктары жана милдеттери менен таанууга чакырды.

Шериктештикке мүчө 23 өлкөнүн бул темада «макулдашканы» белгиленген катта, Палестинанын БУУда толук мүчө катары таанылышы үчүн добуш берүү талап кылынды.

Катта Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларынан улам көп сандаган аялдар жана балдардын каза болгондугуна басым жасалып, Газага гуманитардык жардамдын тез арада жеткирилиши керектиги да айтылды.

Бир тараптан Колумбиянын президенти Густаво Петро X баракчасындагы бөлүшүүсүндө, шериктештиктин чакырыгын колдоп Палестинанын БУУнун Башкы Ассамблеясында толук мүчө катары таанылышын өтүндү.



Тектеш кабарлар