Захарова Илон Маскты эскертти

Мария Захарова АКШ чалгындоосунун Space X да болгон коммерциялык спутник операторлорун колдонуу аракеттеринен кабардар экенин билдирди

2117973
Захарова Илон Маскты эскертти

Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШ чалгындоосунун SpaceX да болгон коммерциялык спутник операторлорун колдонуу аракеттеринен кабардар экенин билдирди. Захарова мындай кадамдардын бул спутниктерди мыйзамдуу бутага айландырарын эскертти.

Захарова : "Вашингтондун менчик секторду аскердик жана  косомостук тармактагы дымактарын канааттандыруу үчүн  колдонгонун билебиз. Буга чейин да эл аралык платформаларда АКШ жана союздаштарынын  Starlink сыяктуу соода жана жарандык системалар да болгон спутниктер жана аларга караштуу кургактык инфраструктурасын  чалгындоо иштери жана чет элдик куралдуу күчтөрдүн аскердик операциялары үчүн  колдонуу формасында барган сайын кооптуу тенденциясына көңүл бурганбыз",- деди. 

Бул айда Reuters агенттиги да маселе менен тааныш жашыруун булактарга таянып, SpaceXтин  жүздөгөн агент-спутниктен турган  желе түзгөнүн билдирген. Агенттиктин кабарына караганда, долбоор АКШнын Аскердик-космостук чалгындоо агенттиги менен түзүлгөн жашыруун келишимге ылайык ишке ашырылууда.

Февраль айынын акырында космосто күрөшүү темасы АКШнын Өкүлдөр парламентинин чалгындоо кызматынын төрагасынын "улуттук коркунучка олуттуу бир коркунуч" тууралуу эскерткенден кийин күн тартибине келген. Бир топ булак да бул коркунуч менен Россиянын космоско өзөктүк антиспутниктик системаны жайгаштыруу ниети бар деп  болжошкон.

 



Тектеш кабарлар