Европа Биримдигинен Украинага 4,5 миллиард евролук төлөм

Европа Биримдиги  Украина үчүн түзгөн жаңы фондунан 4,5 миллиард евро өлчөмүндөгү биринчи төлөмдү жасады.

2118005
Европа Биримдигинен Украинага  4,5 миллиард евролук төлөм

Европа Биримдиги  Украина үчүн түзгөн жаңы фондунан 4,5 миллиард евро өлчөмүндөгү биринчи төлөмдү жасады.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде 9 - Европа Биримдиги - Украина Ассоциация Кеңешинин жыйыны өттү

Жыйындын акырында  Европа Биримдигинин  тышкы карым  - катнаштар  жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл Украинанын премьер-министри Денис Шмихал менен өткөргөн  биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Боррел Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин 18 - марттагы жыйынында Европа тынчтык фондунун алкагында жаңы түзүлүүчү Украинага жардам фондунун кабыл алынганын, муну менен бул өлкөгө берилген аскердик жардамга 5 миллиард евро кошулганын эске салды.

Жаңы фонддон 4,5 миллиард евролук биринчи төлөмдү бүгүн жасагандарын жарыялаган Боррел бул жаңы булактын Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн Украинага жардамын туруктуу  кыла турганын баса белгиледи.

Боррел Европа Биримдиги жана  мүчө өлкөлөрдүн Украинага аскердик жардамынын жалпы көлөмү 33 миллиард еврого жете тургандыгын айтты. 

 

 

 



Тектеш кабарлар