Франция Орусиянын айткандарын төгүндөдү

Франциянын Коргоо министрлигине бул боюнча суроо берилди.

2117580
Франция Орусиянын айткандарын төгүндөдү

Франциянын Коргоо министрлиги, Орусиянын «Франция Украинага 2 миң аскер жөнөтүүгө даярданып жатат» деген сөздөрүнүн туура эмес экенин билдирди.

Франциянын Коргоо министрлигине, Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкиндин «Франция Украинага 2 миң аскерден турган бөлүгүн жөнөтүүгө даярданып жатат» деген сөздөрү боюнча суроо берилди.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, бул сөздөр четке кагылып, Нарышкин тарабынан күн тартибине коюлган теманын «Орусиянын системалуу түрдө жалган маалымат таратуу ыкмаларына кайрылгандыгын көрсөткөндүгү» айтылды. 

Билдирүүдө: «Мындай манипуляцияларды болтурбоо үчүн өтө этият болууга чакырабыз»,- деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар