Блинкен Сауд Арабия менен Египетке барат

Энтони Блинкен дагы бир жолу Жакынкы Чыгышка бара турганын жарыялады.

2117590
Блинкен Сауд Арабия менен Египетке барат

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Газада ыктымалдуу ок атышпоо үчүн Сауд Арабия менен Египетте жолугушууларды өткөрөт.

Энтони Блинкен Филиппинге сапары учурунда басма сөзгө дагы бир жолу Жакынкы Чыгышка бара турганын жарыялады.

Блинкен Газадагы кризиске чечүүчү жол табуу жана уланып жаткан ок атышпоо сүйлөшүүлөрүн ылдамдатуу үчүн бүгүн Сауд Арабиянын Жидда шаарына, бейшемби күнү да Египеттин борбор шаары Каирге бара турганын билдирди.

Израилдин Газага 7-октябрда кол салууларын баштагандан бери 6-жолу Жакынкы Чыгышка бара турган Блинкен, аймактык тынчтык архитектурасы үчүн дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү өткөрө турганын баса белгиледи.

Блинкен Израилге барар-барбасы тууралуу болсо маалымат берген жок.



Тектеш кабарлар