Израилдин Дамаскка кол салгандыгы билдирилди

Израиль мекемелеринен маалымат келген жок.

2117309
Израилдин Дамаскка кол салгандыгы билдирилди

Израилдин Сириянын борбор шаары Дамасктын айланасындагы бир нече пунктка абадан кол салуу жасаганы айтылды.

Сириянын САНА кабар агенттигинин аскердик булакка таянуу менен берген кабарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 02.10до Дамаск айланасындагы айрым жерлердин Израиль күчтөрү тарабынан Голан дөңсөөлөрү багытынан абадан кол салуулар менен бутага алынгандыгы айтылды.  

Кабарда : «Кол салуу чыгым алып келди. Абадан коргонуу системалары айрым душман ракеталарын атып түшүрдү»,- деп айтылды.

Израиль мекемелеринен маалымат келген жок.



Тектеш кабарлар