Орусиядагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы...

Өлкө боюнча 80ден ашык аймактарда өткөрүлгөн шайлоолор үкөктө да, электрондук түрдө да өттү.

2116556
Орусиядагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы...

Орусиядагы президенттик шайлоодо үкөктөн чыккан алдын ала жыйынтык боюнча Владимир Путин 87,8 пайыз добуш менен жеңишке жетти.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Орусия Федерациясында 15-мартта башталып, үч күнгө созулган президенттик шайлоо өлкөнүн эң батыш тарабындагы Калининград облусунда Москва убактысы боюнча саат 21:00дө шайлоо участкаларынын жабылышы менен аяктады.

Өлкө боюнча 80ден ашык аймактарда өткөрүлгөн шайлоолор үкөктө да, электрондук түрдө да өттү.

Шайлоого катышкандардын саны 74 пайыздан ашкан, экзит-поллдун жыйынтыгына ылайык, шайлоочулардын 87,8 пайызынын добушун алган азыркы президент Владимир Путин жеңди. Фом компаниясынын экзит-поллуна ылайык, Коммунисттик партиядан Николай Харитонов 4,7 пайыз, Жаңы адамдар партиясынан Владислав Даванков 3,6 пайыз, Либерал-демократиялык партиядан Леонид Слуцкий 2,5 пайыз добуш алды. Добуштардын 1,4 пайызы жараксыз деп табылды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, үкөктө жеңишке жеткен Путин расмий жыйынтыктар жарыялангандан кийин ант берип, 5-ирет Орусиянын президенти кызматын аркалайт.

Жаңы президент кызматын 6 жыл жүргүзөт



Тектеш кабарлар