Боррель: "Газа ачык асман алдындагы эң чоң көрүстөнгө айланды"

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Бельгиянын борбору Брюсселде 21-22-март күндөрү өтө турган ЕБ лидерлеринин саммитинин алдында жолугушту.

2116901
Боррель: "Газа ачык асман алдындагы эң чоң көрүстөнгө айланды"

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель, согуштан мурда ачык асман алдындагы эң чоң түрмө болгон Газанын учурда ачык асман алдындагы эң чоң көрүстөнгө айланганын айтты.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Бельгиянын борбору Брюсселде 21-22-март күндөрү өтө турган ЕБ лидерлеринин саммитинин алдында жолугушту.

Министрлердин негизги күн тартибинде, Орусия менен 2 жылдан бери согушуп жаткан Украинага аскердик жардамды көбөйтүү жана туруктуу колдоо көрсөтүүнү пландоо, ошондой эле Израилдин Газага 7-октябрдан бери улантып жаткан кол салууларынан улам аймакта курчуган гуманитардык абал бар.

Жозеп Боррель жыйындын кире беришиндеги билдирүүсүндө, мүчө өлкөлөрдүн өткөн аптада Украинага колдоо көрсөтүү үчүн түзүлгөн фондго 5 миллиард евро которуу чечиминин министрлер тарабынан расмий түрдө бекитилишин күткөндөрүн айтты.

Украинанын бул фондго аскерий жактан абдан муктаж экенин баса белгилеген Боррель, Орусияда абакта каза болгон оппозициячыл Алексей Навальныйдын өлүмүнөн жооптуу болгондорго санкция жарыялана турганын маалымдады.

Боррель Газадагы абал тууралуу да: «Газа (Израиль 7-октябрда кол салууларын баштаган) согуштан мурда ачык асман алдындагы эң чоң түрмө эле. Бүгүнкү күндө болсо ачык асман алдындагы эң чоң көрүстөнгө айланды. Бул он миңдеген адамдар үчүн көрүстөн, бирок бир эле учурда эл аралык гуманитардык укуктун эң маанилүү принциптеринин көбү үчүн да көрүстөн»,-деп сереп салды.

Жозеп Боррель Евробиримдик менен Израилдин ортосундагы Өнөктөштүк келишимин токтотуу темасынын да Испания менен Ирландиянын өтүнүчү боюнча министрлер тарабынан талкуулана турганын билдирди.



Тектеш кабарлар