Макрон: «Украинадагы орус күчтөрүнө каршы кургактыктан операция жасоо зарыл болушу мүмкүн»

Президент Макрон «Веймар үч бурчтугу» форматынын алкагында Польшанын премьер-министри Дональд Туск жана Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушкан Берлиндеги сапарынан кийин учакта Франциянын Le Parisien гезитине маалымат берди.

2116483
Макрон: «Украинадагы орус күчтөрүнө каршы кургактыктан операция жасоо зарыл болушу мүмкүн»

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинадагы орус күчтөрүнө каршы кургактыктан операция жасоо «ал каалабаса дагы» келечекте зарыл болушу мүмкүн экенин билдирди.

Президент Макрон «Веймар үч бурчтугу» форматынын алкагында Польшанын премьер-министри Дональд Туск жана Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушкан Берлиндеги сапарынан кийин учакта Франциянын Le Parisien гезитине маалымат берди.

Макрон, коомчулукта айтылган Шольц менен ортосунда Украинага байланыштуу чыңалуу бар деген маалыматтарга байланыштуу Германиянын канцлери менен эч кандай пикир келишпестик болбогонун айтты.

Стратегиялык айырмачылыктар тууралуу талкуунун башталышына жол бербөө үчүн тез арада Германияга барганын белгилеген Макрон, Германиянын канцлери менен максаттар жана Украина тууралуу «чоң орток көз карашта» экенин белгиледи.

Макрон Германия менен Франциянын Украинага байланыштуу «бири-бирин толуктоочу күчтөрдөн» пайдалана ала турганы тууралуу билдирүүсүн берди.

Бул акыркы жумаларда Евробиримдик өлкөлөрүндө талаш-тартыштарды жараткан «Украинага аскер жиберүү ыктымалдан тышкары эмес» деген билдирүүлөрүнөн кийин сөз сүйлөгөн Макрон: «Мен муну каалабайм жана бул темада демилге көтөрбөйм, бирок балким бир учурда Орус күчтөрүнө каршы күрөшүү үчүн кургактык операциясы болушу керек болот. Франциянын күчү муну жасай алат»,-деди.

Макрон, Европанын көптөгөн өлкөлөрүнүн Орусияга каршы күрөшүү ыкмасын аныктоодо алар менен «бир катарда» болгонун айтып, аскердик да болгон бардык сценарийлерге даяр экенин айтты.

Орусиянын «коркуу сөзүн» жайылтып жатканын жана ага алдырбашыбыз керектигин белгилеген Макрон: «Өзүбүздү өзүбүз коркутпашыбыз керек, бизге каршы чоң күч жок. Орусия ядролук куралы бар орто чоңдуктагы держава»,-деп айтты.

Бир тараптан Макрон Германия менен Польшаны Украина темасында дагы көп жана башка иштерди кылууга көндүрүү үчүн Берлинге барганын, ошондуктан Украинага сапарын кийинкиге жылдырганын белгиледи.



Тектеш кабарлар