Газада гуманитардык жардамга жетүүнү каалагандардын ортосундагы тыгында бир киши каза болду

Көптөгөн палестиналык учактардан парашют менен түндүктөгү Бейт Лахияга ташталган жардамды алуу үчүн аймакка агылды.

2116402
Газада гуманитардык жардамга жетүүнү каалагандардын ортосундагы тыгында бир киши каза болду

Газанын түндүгүнө абадан ташталган гуманитардык жардамга жетүүнү каалаган палестиналыктардын ортосундагы тыгында бир киши каза болуп, бир киши жараланды.

Көптөгөн палестиналык учактардан парашют менен түндүктөгү Бейт Лахияга ташталган жардамды алуу үчүн аймакка агылды.

Саламаттык сактоо булактарынан алынган маалыматка караганда, тыгында 1 палестиналык каза болуп, айрымдары жараланды. Жабыркагандардын саны тууралуу маалымат берилген жок.

Израиль 2023-жылдын 7-октябрынан бери кол салган Газада жашаган 2,3 миллион палестиналыкты ачарчылыкка мажбурлады.

Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттиги (UNRWA) 10-марттагы билдирүүсүндө 17 жылдан бери Израилдин курчоосунда турган Газа тилкесинде «бардык жерде ачарчылык өкүм сүрүп жатат» деп билдирди.

БУУ Израилдин катуу чабуулуна кабылган Газа тилкесинде 2,2 миллион киши ачарчылык коркунучу алдында турганын эскерткен.

Газа тилкесинде ачарчылык жана жетишсиз тамактануу себептүү каза болгондордун саны 27ге жеткени билдирилди.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларынан эң аз 13 миң 500ү бала, 9 миңи аял болгон 31 миң 553 палестиналык каза болуп, 73 миң 546 киши жараланды.



Тектеш кабарлар