БУУ Газа тилкесиндеги абал катастрофалуу жана мүнөт өткөн сайын начарлап баратканын билдирди

БУУнун палестиналык качкындарга жардам жана иштер боюнча агенттигинин (UNRWA) социалдык тармактагы X эсебинде Израиль ачарчылыкка сүйрөгөн Газа тилкесиндеги абалга байланыштуу билдирүү жасалды.

2116391
БУУ Газа тилкесиндеги абал катастрофалуу жана мүнөт өткөн сайын начарлап баратканын билдирди

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Газа тилкесиндеги абал катастрофалуу жана мүнөт өткөн сайын начарлап баратканын билдирди.

БУУнун палестиналык качкындарга жардам жана иштер боюнча агенттигинин (UNRWA) социалдык тармактагы X эсебинде Израиль ачарчылыкка сүйрөгөн Газа тилкесиндеги абалга байланыштуу билдирүү жасалды.

Газа тилкесиндеги абалдын апаат болуп, мүнөт сайын оорлоп баратканы билдирилип, гуманитардык жардамдын Газага коопсуз, тоскоолдуксуз жана үзгүлтүксүз жетүү үчүн муктаждык бар экени баса белгиленди.

UNRWA топторунун Газадагы оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам берүү үчүн оор шарттарда талыкпай иштешкени билдирилди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус да Израилдин Газанын түштүгүндөгү Рефах шаарына кургактыктан кол салууну пландап жатканы жөнүндөгү кабардан олуттуу тынчсызданганын билдирди.

Гебреисус X социалдык медиа платформасындагы эсебинен билдирүүсүн бөлүшүп, калк жыш отурукташкан аймакта зомбулуктун дагы өсүшү, өзгөчө саламаттыкты сактоо мекемелери толуп калгандыктан, бул дагы көп өлүмгө жана азап-кайгыга алып келерин баса белгиледи.

Гебреисус Рефахтагы 1,2 миллион адамдын бара турган коопсуз жайы жок экенин айтты.

Газада жер которгондор үчүн жеткиликтүү толук иштеген жана коопсуз саламаттыкты сактоо мекемеси жок экенине көңүл бурган Гебреисус адамдардын дагы башка жакка бара албай тургандай алсыз, ачка жана оорулуу экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар