Греция полициясы мигрантка зомбулук көрсөттү

Жарандарды коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, арыз боюнча жүргүзүлгөн иликтөөдө чек ара полициясынын 4 кызматкери борбордо турган мигрантты сабаганы аныкталды.

2116210
Греция полициясы мигрантка зомбулук көрсөттү

Грециянын борбор шаары Афинага жакын жердеги Амигдалезадагы мигранттарды кабыл алуу борборунда иштеген 4 чек ара полициясы бир мигрантка күч колдонгон деген негиз менен кармалды.

Жарандарды коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, арыз боюнча жүргүзүлгөн иликтөөдө чек ара полициясынын 4 кызматкери борбордо турган мигрантты сабаганы аныкталды.

Мигранттын алган соккудан кийин кабыргасынын сынгандыгы белгиленген билдирүүдө чек ара полицияларынын тийиштүү прокуратурага өткөрүлгөндүгү маалымдалды.

Билдирүүдө бул полициялардын зомбулук көрсөтүү менен айыпталгандыгы жана мигранттын  ооруканада дарылануусунун улантылып жаткандыгы билдирилди. 

 



Тектеш кабарлар