Столтенбергден Түркияга мактоо

Йенс Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун борборунда түрк коргоо өнөр жайына баа берди.

2116065
Столтенбергден Түркияга мактоо

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Түркиянын коргоо өнөр жайынын жаңы жогорку деңгээлдеги өнүккөн мүмкүнчүлүктөргө инвестиция салуу аракетин кубаттаганын айтты.

Йенс Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун борборунда түрк коргоо өнөр жайына баа берди.

Түркиянын альянстын эң чоң экинчи армиясына, жакшы даярдалган жана жабдылган аскердик күчтөргө ээ экенин белгилеген Столтенберг: «Түрк өкмөтүнүн, ошондой эле түрк коргоо өнөр жайынын жаңы жогорку өнүккөн жөндөмдүүлүктөргө, анын ичинде согуштук учактарга инвестиция салуу аракеттерин кубаттайм, бул өтө маанилүү. Түркиянын көптөгөн жылдардан бери абдан эффективдүү экени аныкталган Байрактар ​​учкучсуз учуучу аппараттарын өндүрүп жатканын да кубаттайм»,-деди.

Түркиянын бардык союздаштары менен аскердик мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү жана өндүрүүдө иш алып барганын баса белгилеген Столтенберг, НАТО союздаштарынын Түркия менен көбүрөөк соода кылышынын да кубандыруучу экенин айтты.

НАТОнун башкы катчысы: «Президент Режеп Таййип Эрдоган менен көптөгөн жылдар бою түзгөн достук жана кызматташтыкты да баалайм. Ал ишенимдүү НАТО өнөктөшү жана чогуу иштешүүгө кубанычтамын. Мен аны менен көптөгөн ар түрдүү тармактарда, анын ичинде терроризмге каршы күрөштө, жалпы коргонуубузду чыңдоодо жана Украинага колдоо көрсөтүүдө иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум»,- деди.



Тектеш кабарлар