Rheinmetall Украинада завод ачат

Германиянын курал өндүрүүчүсү Rheinmetall Украинада кеминде төрт завод ача турганын жарыялады.

2115949
Rheinmetall Украинада  завод ачат

Германиянын курал өндүрүүчүсү Rheinmetall Украинада кеминде төрт завод ача турганын жарыялады. Украинадагы куралдуу кагылышуу Германияда курал өнөр жайынын кеңейишине алып келди. Компания Украинадагы заводдордо ок, аскердик техника, зениттик куралдарды чыгара турганын билдирди.

Rheinmetall компаниясынын башкы директору Армин Паппергер компаниянын 2023 – жылда аткарган иштерине баа берген жыйында : "Украина биз үчүн маанилүү өнөктөш болду, биз ал жерде 2-3 миллиард евро жылдык сатуу потенциалын көрүп жатабыз",-  деди.

Дюссельдорфто иш алып барган жана Леопард танкаларынын тетиктерин чыгаруу менен таанылган консорциум өткөн жылы 7,2 миллиард евролук сатуу рекордун жаңыртканын жана бул көрсөткүчтү 2024-жылы 10 миллиардга жеткирүүнү пландагандарын жарыялады. Бул жыйынтыктар жарыялангандан кийин компаниянын акциялары Франкфуртта 5 пайызга кымбаттады.

Германиянын эң ири аскердик техника өндүрүүчүсү Rheinmetall февраль айында украиналык бир фирма менен кол койгон келишимге ылайык, Украинада артиллериялык снаряддарды чыгара баштай турандыгын жарыялады. Бул заводдун пайдубалы жакында түптөлөт, бирок так кайда курулаары азырынча айтыла элек. Завод Германияда Rheinmetall тарабынан түзүлгөн ок чыгаруучу заводго окшош болот.



Тектеш кабарлар