Польша 50дөн ашуун элчисин чакыртып алды

Тышкы иштер министрлиги, дипломатиялык миссиялардын ишин жакшыртуунун алкагында элчилерди чакырып алуу процессинин башталышына байланыштуу билдирүү жасады.

2115139
Польша 50дөн ашуун элчисин чакыртып алды

Польша дипломатиялык миссияларын жакшыртуу аракеттеринин алкагында 50дөн ашуун элчисин чакыртып алуу чечимин чыгарды.

Тышкы иштер министрлиги, дипломатиялык миссиялардын ишин жакшыртуунун алкагында элчилерди чакырып алуу процессинин башталышына байланыштуу билдирүү жасады.

Тышкы иштер министри Радослав Сикорскинин 50дөн ашуун элчини чакыртып алуу чечимин чыгарганы белгиленген билдирүүдө, керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн өлкөнүн тышкы саясатында туш болгон кыйынчылыктарды «жакшыраак жана профессионалдуу түрдө» чечүүгө жардам берери айтылды.

Билдирүүдө чакыртылып алынган элчилердин чоо-жайы жана алардын ордуна качан дайындоо боло тургандыгы тууралуу маалымат камтылган жок.

Премьер-министр Дональд Туск мамлекеттик TVP Info каналына берген билдирүүсүндө, министр Сикорски менен элчиликтерде ар тараптуу өзгөрүүлөрдү ишке ашырууну пландап жатканын айтты.

Туск: «Польша мамлекетине баш ийген жана бардык элчиликтерде ишибизди аткара турган топ түзүп, өнүктүрүүбүз керек»,-деди.



Тектеш кабарлар