Пакистанда кеме кырсыгы: 14 адам каза болду

Чөгүп кеткен кемедеги 45 адамдын 31и куткарылды.

2115112
Пакистанда кеме кырсыгы: 14 адам каза болду

Пакистанда 5-мартта Карачи шаарынын жээгинде жагымсыз аба ырайынан улам кеменин оодарылып кетишинен кийин дайынсыз жоголгон 14 балыкчынын сөөгү табылды.

The Dawn гезитинин маалыматына караганда, Пакистан флотунун расмий өкүлдөрү 5-марттан бери уланып жаткан издөө-куткаруу иштерине байланыштуу билдирүү жасашты.

Билдирүүдө Карачи шаарында кеме оодарылып кеткенден кийин жоголгон 14 балыкчынын сөөгүнүн табылганы кабарланды.

Чөгүп кеткен кемедеги 45 адамдын 31и куткарылды.



Тектеш кабарлар