Йеменде жааган жамгыр жана сел

Йемендин борбордук бөлүктөрүндөгү Мариб шаарында нөшөрлөп жааган жамгыр жана селден жер которгон 6 миң үй-бүлөнүн жабыркаганлыгы билдирилди.

2115325
Йеменде жааган  жамгыр жана сел

Йемендин борбордук бөлүктөрүндөгү Мариб шаарында нөшөрлөп жааган жамгыр жана селден жер которгон 6 миң үй-бүлөнүн жабыркагандыгы билдирилди.
Йемен өкмөтүнө караштуу Жер которгондордун  лагерлери департаменти тарабынан жарыяланган отчетто жума күнү Марибде нөшөрлөп жааган жамгыр жана селден жабыркаган жер которгон үй-бүлөлөр тууралуу маалымат берилди.

 

Отчетто 204 качкын лагери жана жер которгон йемендиктер жашаган аймактарда 6 миң 495 үй-бүлөнүн нөшөр жана суу ташкындарынан жабыркаганы белгиленди.

Селден улам йемендиктер баш калкалкалаган жерлер, тамак-аш жана баш калкалоочу материалдары менен бирге бүт буюмдарынын зыянга учураганы белгиленди.

Отчетто селден жабыркаган үй-бүлөлөрдүн тамак-аш, баш калкалоочу жай, кийим-кече жана гигиеналык материалдар менен бекем чатырларга муктаж экендиги белгиленди.

Гуманитардык жардам берүүгө  чакырылган отчетто селден жабыркагандардын муктаждыктарын камсыздоо үчүн  шашылыш кийлигишүүнүн керек экени, жер которгондор жашап жаткан лагерлердин сел жана өрт сыяктуу аппаатардан коргоо үчүн   жалпы стратегиянын аныкталышы керектиги баса белгиленди.

Марибде 2014 - жылдын аягынан бери Йеменде жер которгон 4,5 миллион адамдын 2 миллиондон ашыгы жашайт.

Йеменде Иран колдогон хуситтер 2014-жылдын сентябрынан бери борбор Сана жана кээ бир аймактарды көзөмөлгө алган.

Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү  2015 -  жылдын март айынан тарта хуситтерге каршы Йемен өкмөтүнө колдоо берүүдө. 

Өлкөдө бир нече жылдан бери уланып келе жаткан кагылышууларда болжол менен 377 миң адам каза болду. Эң жакыр өлкөлөрдүн бири болгон Йеменде жарандык согуштан улам келип чыккан гуманитардык кризис күн санап өсүүдө.

БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын отчетторуна караганда, Йемен элинин 73 пайызы (болжол менен 23,4 миллион) жарандык согуштан улам гуманитардык жардамга муктаж болуп, 4,3 миллион адам жер которууга аргасыз болгон.

 



Тектеш кабарлар