Европа Биримдиги Россиядагы шайлоо үчүн байкоочу жибербейт

Россия мурдагы жылдардагы шайлоолорго көптөгөн жолу европалык саясатчыларды байкоочу катары кабыл алган.

2115539
Европа Биримдиги Россиядагы шайлоо үчүн байкоочу жибербейт

Европа Биримдигинин пресс - бюллетенине ылайык, европалык парламентарлар  15 - 17  - мартта Россияда боло  турган президенттик шайлоого байкоочуларын жөнөтпөйт. Бюллетенге карала турган болсо шайлоого байкоочу жиберүү орток кабыл алынган демократия стандарттарына шайкеш келбеген бир процессти мыйзамдаштыруу деген мааниге келет. ошондуктан Европа Парламентинин эч бир мүчөсү Россия, аннексияланган Крым жана Россия танабынан басып алынган Украина жерлеринед өткөрүлө турган шайлоого байкоочу катары катышуу жоопкерчилигине ээ болбойт. 

Европа Парламенти өзгөчө айрым парламентарлардын же делегациялардын деңгээлинде шайлоо боюнча кандайдыр бир комментарий берүүдөн алыс турат. Эгерде Европа Парламентинин мүчөлөрүнүн бири бул маселе боюнча комментарий бергиси келсе, ал Европа Парламентине  шилтеме кылбастан, өз атынан комментарий бере алат.

Россия мурдагы жылдардагы шайлоолорго көптөгөн жолу европалык саясатчыларды байкоочу катары кабыл алган. 

 



Тектеш кабарлар