ЕБден Украинага колдоо пакети

Европа Биримдигине төрагалык кылган Бельгиянын билдирүүсүндө, «Европа Тынчтык Фонду» деп аталган каржы фондун реформалоо чечиминин чыгарылганы белгиленди.

2115177
ЕБден Украинага колдоо пакети

Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрү, 2 жылдан бери Орусия менен согушуп жаткан Украинага аскердик жардам фондуна 5 миллиард евролук колдоо пакетин бекитти.

Европа Биримдигине төрагалык кылган Бельгиянын билдирүүсүндө, «Европа Тынчтык Фонду» деп аталган каржы фондун реформалоо чечиминин чыгарылганы белгиленди.

Билдирүүгө ылайык, Евробиримдикке мүчө мамлекеттер реформанын алкагында Украинага аскердик жардам үчүн колдонулган фондду 5 миллиард еврого көбөйтүүнү принципиалдуу түрдө макулдашты.

Ошондой эле "Евробиримдик Украинага туруктуу колдоо көрсөтүүгө жана өлкөнүн коргонуусу үчүн керек болгон аскердик техниканы берүүгө чечкиндүү" деп айтылды.

Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель болсо X баракчасындагы бөлүшүүсүндө: «Билдирүү ачык айкын: Украинаны жеңүүсү үчүн колдойбуз»,- деди.



Тектеш кабарлар