Блинкен Хамаска ок атышууну токтотуу үчүн шарттуу талап койду

Мамлекеттик департаментте өткөрүлгөн маалымат жыйынында Энтони Блинкен Газадагы акыркы абалдар жана АКШ башкаруусунун бул темадагы саясаттарына баа берди.

2115121
Блинкен Хамаска ок атышууну токтотуу үчүн шарттуу талап койду

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Газа тилкесиндеги ок атышпоо планынын ХАМАС колунда кармаган израилдик туткундарды бошотсо, ишке кирээрин белгиледи.

Мамлекеттик департаментте өткөрүлгөн маалымат жыйынында Энтони Блинкен Газадагы акыркы абалдар жана АКШ башкаруусунун бул темадагы саясаттарына баа берди.

Блинкен Израилдин «ХАМАСтан өзүн коргой алышы» жана «7-октябрдагыдай кол салуулардын экинчи жолу кайталанбоосу» үчүн Тель-Авивге керектүү курал жана аскердик жардам берүүнү уланта тургандарын белгиледи. «Израилдин өз коопсуздугу үчүн керектүү коргонуу куралдарына ээ болушун камсыздоо биздин милдетибиз жана бул туруктуу милдеттенме»,-деп айткан АКШнын катчысы, куралдарды кыскартуунун күн тартибинде жок экенин айтты.

Бир тараптан Израилдин Газадагы жарандарды бутага албоо жоопкерчилиги бар экенин жана Израиль тарап менен болгон ар бир жолугушууда муну сөз кылганын баса белгилеген Блинкен: «Аймакта бир дагы жарандын өлүшүн каалабайбыз»,-деди.

Блинкен деген суроого жооп берип жатып, «Израилге курал жөнөтүү менен Газадагы жарандардын курмандыктары азайтылсын деп айтуунун «айкалыштуулугу» болбогонун» ырастады.

Энтони Блинкен үстөлдө ок атышпоо планы күтүп жатканын, Египет жана Катар менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын, бирок ХАМАС бул планды кабыл алабы же жокпу билбей турганын белгиледи.

«Хамас туткундарды бошотсо» ок атышпоо планынын ишке кириши мүмкүн экенин жана 6 жумага чейин кагылышуусуз чөйрө түзүлүшү мүмкүн экенин белгилеген Блинкен Израилдин бул темадагы мамилеси тууралуу эч кандай комментарий берген жок.



Тектеш кабарлар