Австрия 2 орус дипломатын өлкөдөн чыгарды

Австриянын 2020-жылдан бери өлкөдөн чыгарган орус дипломаттарынын саны ушундайча 11ге жетти.

2115251
Австрия 2 орус дипломатын өлкөдөн чыгарды

Австрия 2 орус дипломатын өлкөдөн чыгарды.

Австриянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Орусиянын Вена элчилигинде иштеген эки орус дипломатынын «дипломатиялык статусуна туура келбеген» иш-аракеттеринен улам «персона нон грата» деп жарыяланганы жана алардан 19-мартка чейин өлкөдөн чыгып кетишинин талап кылынганы белгиленди.

Министрлик орус дипломаттарынын "дипломатиялык статусуна туура келбеген" аракеттери тууралуу кеңири маалымат берген жок.

Австриянын 2020-жылдан бери өлкөдөн чыгарган орус дипломаттарынын саны ушундайча 11ге жетти.

Орусия Австриянын дипломаттарды депортациялоо чечимине Москвадагы элчилигинде иштеген австриялык дипломаттарды депортациялоо менен жооп кайтарды.

Орусия Австриянын акыркы депортация чечимине байланыштуу билдирүү жасай элек.



Тектеш кабарлар