АКШ Тик-Токко тыюу салууга даярданып жатат

Өкүлдөр палатасында өткөрүлгөн добуш берүүдө 352 «макул» добушуна каршы 65 «каршы» добуш менен «Америкалыктарды тышкы душмандар көзөмөлүндөгү тиркемелерден коргоо мыйзамы» кабыл алынды.

2115089
АКШ Тик-Токко тыюу салууга даярданып жатат

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Өкүлдөр палатасы ТикТоктун өлкөдө тыюу салынышына жол ачкан мыйзам долбоорун «улуттук коопсуздукка көйгөй жаратат» деген жүйө менен кабыл алып, Сенатка жөнөттү.

Өкүлдөр палатасында өткөрүлгөн добуш берүүдө 352 «макул» добушуна каршы 65 «каршы» добуш менен «Америкалыктарды тышкы душмандар көзөмөлүндөгү тиркемелерден коргоо мыйзамы» кабыл алынды.

Мыйзам долбоору TikTokтун кытайлык башкы компаниясы ByteDance компаниясын сатууну талап кылат, антпесе TikTok 5 айга же толугу менен тиешелүү тиркеме базарларында тыюу салынат.

Республикачылар менен демократтардын биргелешкен добушу менен кабыл алынган мыйзам долбоорун колдоочулар Пекиндеги ByteDance компаниясы тарабынан TikTok аркылуу алынган америкалык жарандар тууралуу маалымат Кытай администрациясына өткөнүн айтышууда.

Мыйзам долбооруна каршы чыккан конгресс мүчөлөрү TikTok Кытайга маалыматтарды чогултуп, өткөрүп берет деген доомат далилдөөгө муктаж жана бул тиркемеге тыюу салуу «сөз эркиндигин» чектөө дегенди билдире турганын жакташты.

ТикТок жетекчилиги, тескерисинче, бул дооматтар чындыкты чагылдырбайт жана АКШдагы башка социалдык медиа платформалар сыяктуу, алар толугу менен Америка мыйзамдарына ылайык иштешет деп ырастайт.

Мыйзам долбоору Өкүлдөр палатасында көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынгандан кийин бардык көңүл Сенатта...

Президент Жо Байден эгер мыйзам долбоору анын үстөлүнө келсе, улуттук коопсуздуктун сезимталдыгынан улам ага кол кое турганын билдирген.



Тектеш кабарлар