SpaceXтин Crew-7 миссиясы, космонавттар жерге кайтып келишти

Космонавттар болжол менен 6 айлык миссиянын алкагында Эл аралык космос станциясына баруу үчүн SpaceX чыгарган Falcon 9 ракетасы менен 26 - августта учурулган.

2114871
SpaceXтин Crew-7 миссиясы, космонавттар  жерге кайтып келишти

Американын космостук транспорт компаниясы SpaceXтин Crew-7 миссиясынын негизинде  космоско жиберген космонавттар Эл аралык космостук станциясындагы 6 айлык миссиясынан кийин Жерге кайтып келди.

Space.com интернет сайтындагы кабарга караганда Crew-7 миссиясынын негизинде космоско барган  4 космонавт ичинде  болгон Драгон капсуласы  12 -  мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:50дө АКШнын Флорида штатынын Пенсакола жээгиндеги Мексика булуңуна конду.

Америкалык космонавт Жасмин Могбели, даниялык космонавт Андреас Могенсен, япон космонавт Сатоши Фурукава жана орусиялык космонавт Константин Борисов болгон капсуланын Жерге конушу түз эфирде көрсөтүлдү.

Жердин орбитасында өткөргөн 199 күндөн кийин кайтып келген экипаждын бир катар медициналык текшерүүдөн өтөрү белгиленди.

Космонавттар болжол менен 6 айлык миссиянын алкагында Эл аралык космос станциясына баруу үчүн SpaceX чыгарган Falcon 9 ракетасы менен 26 - августта учурулган.



Тектеш кабарлар