Палестинага колдоо митингдери

Палестина желектери менен бирге  «Эркин Палестина», "LSE инвестициялардан баш тарт» деп жазылган плакаттар менен жүргөн студенттер университетти «Израилдин Газада жасаган кыргынына өнөктөш болуу» менен айыпташты.

2115026
Палестинага колдоо митингдери
abd filistin destek.jpg
urdun gazze destek.jpg
abd filistin destek.jpg
londra filistin destek.jpg

 Дүйнөнүн төрт тарабында Палестинаны колдоочулардын митингдери улантылууда.

Британиянын белгилүү университеттеринен Лондон экономикалык жана саясий илимдер мектебинин (LSE) Израилге курал берген фирмаларга инвестиция салуу менен Газадагы аскердик кылмыштарга өнөктөш болду деген негиз менен студенттер каршылык көрсөттү.

Борбор шаар Лондондогу LSEнин "The Old Theatre" (Эски театр) имаратынын алдында чогулган бир группа студент университеттен «Израилге курал берген фирмалардын акцияларына инвестиция салуусун токтотууну" талап кылышты.

Палестина желектери менен бирге  «Эркин Палестина», "LSE инвестициялардан баш тарт» деп жазылган плакаттар менен жүргөн студенттер университетти «Израилдин Газада жасаган кыргынына өнөктөш болуу» менен айыпташты.  

Студенттер университеттин казылып алынган отунга инвестиция салган компаниялар менен финансылык мамилелерин токтотууга чакырышты.

Андан кийин имаратка барып Палестинаны жактаган ураандар менен жүргөн студенттер коопсуздук күчтөрү тарабынан тышка чыгарылды.

Америка Кошмо Штаттарынын борбору Вашингтондо Палестинанын колдоочулары шаардык кеңешке чогулушту. Топ Палестинаны колдогон ураандар менен ок атышууну токтотууга чакырды.

Бир тараптан израилдик жарандык баскынчылар жайгашкан аянттардагы палестиналыктарга таандык мүлктөр АКШ жана Канадада синагогоа жыйындарында сатылып, сатууларга карата каршы туруу улантылууда.

АКШлык тынчтык активистти Рич Сигел да социалдык медиа аркылуу Израилге болгон реакциясын билдирди.

Рич Сигел : «Израилдиктер жасаган нерсе коркунучтуу бирок өздөрүн туура деп ойлошууда»,- деди.

Иорданияда да Палестинага колдоо митинги болду.

Жүздөгөн иорданиялык борбор шаар Аммандагы Израиль элчилигинин алдына чогулушту. Топ Палестинага колдоо ураандары менен жүргөн топ,  Газа тилкесине жардам берүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар