Кытайдын АКШга Тайван боюнча каршы чыгуусу

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ванг Винбин борбор шаар Пекинде өткөрүлгөн күнүмдүк маалымат жыйынында АКШнын Тайвань менен аскерий алака түзүшүнө жана Тайванга курал сатуусуна каршы экендиктерин баса белгиледи.

2114847
Кытайдын АКШга Тайван боюнча каршы чыгуусу

Кытай АКШ өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджет долбоорунда Тайвандын коргонуусун колдоо үчүн каражат бөлүү өтүнүчүнө жооп кайтарды.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ванг Винбин борбор шаар Пекинде өткөрүлгөн күнүмдүк маалымат жыйынында АКШнын Тайвань менен аскерий алака түзүшүнө жана Тайванга курал сатуусуна каршы экендиктерин баса белгиледи.

Вашингтон администрациясын «Бир Кытай» принцибин карманууга жана Кытайдын ички иштерине кийлигишүүнү токтотууга чакырган Ванг, «Кытай өзүнүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн керектүү кадамдарды жасайт»,-деди.

Ванг Вашингтондун Кытай тууралуу туура эмес түшүнүгүн улантып жатканын белгилеп, карым-катнаштарды терс атаандаштык түшүнүгү менен аныктап, экинчисин нөл суммадагы оюн логикасы менен жок кылууга аракет кылуунун эки өлкөнү кагылышуу жана тирешүүгө гана алып келерин айтты.

Тышкы иштер министри Ван Инин өткөн жумада Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынында өткөрүлгөн маалымат жыйынында айткан сөздөрүн кайталаган басма сөз катчысы Ванг : «Эгерде АКШ Кытайды кысымга алууну уланта берсе, акыры өзүнө зыян келтирет»,-деп айтты.

АКШ өкмөтү 2025-жылга карата бюджет сунушунда биринчи жолу Тайвандын өзүн-өзү коргоосун колдоо үчүн атайын 100 миллион доллар бөлүүнү суранган.

Коргоо министрлиги ошондой эле Тайвандын аймактагы агрессияга каршы курал-жарак запастарын жаңыртуу үчүн АКШнын Тынч океандын сестентүү демилгесинин алкагында бюджеттен 500 миллион доллар бөлүүнү суранган.

Кытай өз аймагынын бир бөлүгү деп эсептеген Тайвань 1949-жылдан бери иш жүзүндө эгемендүүлүккө ээ.



Тектеш кабарлар