Италия жасалма интеллект үчүн инвестициялык фонд түзөт
Жоржия Мелони "Италия үчүн жасалма интеллект" программасына видеокайрылуу жолдоду.
Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони жасалма интеллект үчүн 1 миллиард евролук инвестициялык фонд түзө тургандарын айтты.
Жоржия Мелони "Италия үчүн жасалма интеллект" программасына жолдогон видеокайрылуусунда: «Өкмөт учурда бекитүү процессинде турган европалык жөнгө салууга кошумча кээ бир принциптер менен эрежелерди белгилөөгө багытталган жана өндүрүштүк кубаттуулукту шыктандыра турган эң натыйжалуу чараларды аныктоону максаттаган мыйзамды даярдап жатат»,- деди.
Премьер-министр Мелони, жасалма интеллектке негизделген технологияларды колдонууда компетенттүү орган катары иштей турган эң ылайыктуу мекемени аныктоо үчүн да аракет кыла тургандарын билдирди.
Мелони, жасалма интеллект сектору үчүн 1 миллиард евролук инвестициялык фонд түзө тургандарын маалымдады.