Ватикан элчиси Украинада тышкы иштер министрлигине чаккырылды

Католиктердин руханий лидери жана Ватикандын мамлекет башчысы Папа Францисктин «ак желек» чакырыгынан кийин Ватикандын Украинадагы элчиси Висвалдас Кулбокас тышкы иштер министрлигине чакырылды.

2114362
Ватикан элчиси Украинада тышкы иштер министрлигине чаккырылды

 Католиктердин руханий лидери жана Ватикандын мамлекет башчысы Папа Францисктин «ак желек» чакырыгынан кийин Ватикандын Украинадагы элчиси Висвалдас Кулбокас тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Украинанын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Висладас Кулбокаска Украинанын Папанын «ак желек» жана агрессор менен (Россия) «кайраттуулук менен сүйлөшүү» керектигине байланыштуу сөздөрдөн улам көңүл калтыруунун болгондугу билдирилди»,- деп айтылды.

Тышкы иштер министрлиги күчтүүлөрдүн укугун мыйзамдаштырган жана аны эл аралык мыйзамдын нормаларына көңүл бурбоого багыттаган чакыруулардын ордуна Папанын дүйнөгө жакшынын жаманга каршы жеңишине мүмкүнчүлүк түзүү үчүн дароо күчтөрдүн бириктирилиши керектигине байланыштуу белгилерди жиберишинин жана жабырлануучуга эмес агрессорго чакыруу салуунун күтүлүп жаткандыгын белгиледи.

Билдирүүдө : «Украинанын тышкы иштер министрлиги өлкөбүздүн да башкалар сыяктуу тынчтык үчүн аракет кылганын баса белгиледи. Бирок бул тынчтык адилеттүү болушу керек жана БУУнун Уставынын принциптерине жана Украина сунуштаган Тынчтык формуласына негизделиши керек»,- деп айтылды.

Папа Франциск берген бир маегинде Украинага Россия менен келишим түзүү жана «ак желек көтөрүү үчүн кайраттуулукту» көрсөтүүгө чакырган. Франциск : «Эң күчтүү - кырдаалга көз салып, элди ойлогон жана ак желек күчүнө ээ болгон жана  сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн адам”, - деген.

Францисктин билдирүүсүнөн кийин Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Папага каршылык көрсөтүп : «Биздин желегибиз сары жана көк түстө. Биз бул  желек менен жашайбыз, өлөбүз жана жеңебиз. Эч качан башка желекти көтөрбөйбүз», - деген.



Тектеш кабарлар