"Liberation" гезитинин расисттик карикатурасы реакция жаратты

Социалдык тармактардын колдонуучулары, Газадагы гуманитардык трагедияны шылдыңдаган карикатураны катуу сынга алышты.

2114166
"Liberation" гезитинин расисттик карикатурасы реакция жаратты

Франциянын солчул гезиттеринин бири «Liberationдун», мусулмандардын ыйык Рамазан айы тууралуу расисттик карикатурасы реакция жаратты.

Corinne Rey тарабынан Liberation гезити үчүн тартылган карикатурада, Израилдин бир нече айдан бери улантып жаткан кол салууларынан улам адамзаттык трагедияга дуушар болгон Газада Рамазан айынын кантип башталганы чагылдырылды.

"Газада Рамазан" аттуу карикатурада бир аялдын, анын жанында тилин чыгарган баланын, урандылардын арасынан чыгып турган колдун, ачууланган жана оозунан суу чачырап жаткан кишинин жана сөөктөрдү тиштеп качып бараткан чычкандардын көрүнүшү бар.

Карикатурада оозунан суу чачырап жаткандай сүрөттөлгөн ачууланган адамдын; сөөктөрдү тиштеген чычкандарды кубалап жүргөнү, аялдын болсо кишиге "күн батканга чейин болбойт" дегени тартылган.

Социалдык тармактардын колдонуучулары Израилдин ачка калтырышынын себебинен күн сайын ондогон балдар каза болгон Газадагы гуманитардык трагедияны шылдыңдаган карикатураны катуу сынга алышты.

Кээ бир колдонуучулар бул карикатуранын "Франциядагы антиисламизмдин үлгүсү" деп айтышса, дагы бир топ Батышты эки жүздүүлүк менен айыптап, мындай карикатуранын Украина эли үчүн эч качан тартыла албасын белгилешти.



Тектеш кабарлар