Индия баллистикалык ракетасын сынады
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди маалымат берди.
2113978
Индия бир нече согуштук дүрмөттөрдү алып жүргөн ата мекендик ракетасынын биринчи сыноосун өткөрдү.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди X социалдык медиа платформасында сыноо атуусунун ийгиликтүү ишке ашырылганын белгилеп, коргоо өнөр жайындагы өнүгүүлөргө токтолду.
Моди ракетанын бир-биринен көз карандысыз буталарды атуучу бир нече дүрмөттөр менен жабдылганын айтты.