Франциядагы мамлекеттик мекемелерге кибер чабуул

Кол салуудан жабыркаган мекемелердин арасында Экономика министрлиги, Маданият министрлиги, Экологиялык өткөөл министрлиги, Премьер-министрлик жана Жарандык авиация башкы башкармалыгынын бар экени айтылды.

2114259
Франциядагы мамлекеттик мекемелерге кибер чабуул

Францияда мамлекеттик мекемелерге "буга чейин болуп көрбөгөндөй" кибер чабуул жасалды.

Франциянын Премьер-министрлик кеңсесинин билдирүүсүндө, 10-марттан бери кээ бир мамлекеттик мекемелердин кибер чабуулдардын бутасы болгону кабарланды.

Билдирүүдө «окшош техникалык ыкмалар менен» жасалган кол салуулардын «мурда болуп көрбөгөндөй тыгыздыкта» ишке ашырылганы айтылды.

Бул кол салууларды таасирсиз кылуу үчүн каршы чаралар активдештирилип, көптөгөн сайттардын оңдолгону маалымдалды.

Кол салуудан жабыркаган мекемелердин арасында Экономика министрлиги, Маданият министрлиги, Экологиялык өткөөл министрлиги, Премьер-министрлик жана Жарандык авиация башкы башкармалыгынын бар экени белгиленди.

Премьер-министрликтин билдирүүсүндө, кол салууларды ким жасаганы тууралуу маалымат берилген жок. Le Figaro гезити «Анонимдүү Судан» аттуу хакердик тобунун Telegram аркылуу чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алганын жарыялады.



Тектеш кабарлар