Египет менен БАЭ Газага бешинчи жолу абадан жардам жеткирди
Египет жана БАЭнин биргелешкен операциясы менен 62 тонна тамак - аш жана медициналык жардамдын Газадагы палестиналыктарга жеткирилгендиги тууралуу маалымат берилди.
Египет жана БАЭ 2023 - жылдын 7 - октябрынан бери Ираиль кол салып келе жаткан Газа тилкесине бешинчи жолу абадан жардам жеткирди.
БАЭнин маалымат агенттиги БАЭ менен Египет аба жолдорунун биргелешкен операциясы менен Газага 10 күн мурда абадан жардам жибере баштагандыгын белгилеп, акыркы жардамын да бул операциянын бир бөлүгү катары берилгендигин билдирди.
Газага карата жардамдын аба жолу менен бешинчи жолу жеткирилгендиги айтылган кабарда жардамдардын "Палестиналыктардын согуштан улам жашаган кыйынчылыктарын жеңилдетүү жана кыйынчылыктарды жеңүүнгө жардам берүү" максатында экендиги белгиленди.
Египет жана БАЭнин биргелешкен операциясы менен 62 тонна тамак - аш жана медициналык жардамдын Газадагы палестиналыктарга жеткирилгендиги тууралуу маалымат берилди.