Google Израилге нааразычылык билдирген кызматкерин жумуштан чыгарды
Америкалык Google технологиялык компаниясы Нью-Йорктогу технологиялык иш-чарада Израилге каршы чыккан инженерин иштен алды.
2113074
Америкалык Google технологиялык компаниясы Нью - Йорктогу технологиялык иш - чарада Израилге каршы чыккан инженерин иштен алды.
Google катчысы берген билдирүүсүндө жуманын башында бир кызматкердин компания демөөрчүлүк кылган расмий иш - чарага кийлигишип, презентация жасап жаткан кесиптешинин сүйлөгөн сөзүнө тоскоол болгондугу белгиленди.
Билдирүүдө : "Маселе эмне болсо болсун мындай мамиле кабыл алынгыс жана саясатыбызды бузганы үчүн кызматкер иштен алынды",- деп айтылды.
Дүйшөмбү күнү Нью - Йоркто ишке ашкан иш - чарада бир Google Cloud инженери израилдик жетекчинин сөзүн : "Геноцидди, апартеидди же көзөмөлдү күчөтө турган технологияны чыгаруудан баш тартам",- деп бөлгөн.