БУУ Россия - Украина согушунда өлтүрүлгөн жарандардын саны 10 миң 703кө жеткендигин билдирди

Лиза Доутен бардык тараптардын жарандарды коргоосу керектигин айтты.

2113064
БУУ Россия - Украина согушунда өлтүрүлгөн жарандардын саны 10 миң 703кө жеткендигин билдирди

БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Украинадагы акыркы абал талкууланды. Бул жерде сөз сүйлөгөн БУУнун Жакынкы Чыгыш, Азия жана Тынч океан боюнча жооптуу баш катчынын орун басары Мухаммед Халед Хаири : «Россиянын Украинаны оккупациялашы 10 миң 703 жарандын өлүмүнө себеп болду. Булардын 549зу бала. 20 миң 146 киши жараланды. Жарандарга жана жарандык инфраструктураларга карата кол салууларды айыптайбыз»,- деди.

БУУнун Гуманитардык иштер боюнча координация кеңсесинин Гуманитардык жардамдарды каржылоо жана ресурстарды өткөрүү бөлүмүнүн директору Лиза Доутен да жарандарга каршы кол салуулардын эл аралык гуманитардык укукту бузгандыгын, бардык тараптардын жарандарды коргоосу керектигин айтты. Доутен гуманитардык жардамдарды жеткирүү тууралуу азыр да маанилүү бөгөттөр менен беттешкендерин айтты. Өзгөчө Россия аннексиялаган Донецк, Луганснк, Херсон жана Запорожье аймактарында гуманитардык жардамга жетүүнүн чектелүү экенин белгилеп, болжол менен 1,5 миллион кишиге гуманитардык жардамды жеткире албагандарын айтты.



Тектеш кабарлар