АКШдан Газага убактылуу порт

Жо Байден Конгресстеги "Биримдиктин абалы" деген сөзүндө Газадагы абалга баа берди.

2112717
АКШдан Газага убактылуу порт

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден армияга Газа жээгинде убактылуу порт курууну тапшырганын жарыялады.

Жо Байден Конгресстеги "Биримдиктин абалы" аттуу сөз сүйлөөсүндө Газадагы абалга сереп салды.

Израилдин аймакта 7-октябрдан бери уланып жаткан кол салууларында миңдеген бейкүнөө жарандын каза болгонун моюнга алган Байден, гуманитардык жардамдардын кириши үчүн бул жерге убактылуу порт курула турганын айтты.

Аталган порт аркылуу Газага дагы көп сандагы гуманитардык жардамдын деңиз аркылуу кирерин билдирген Байден, америкалык аскерлердин бул жерге бут баспай турганын баса белгиледи.

Ак үйдүн бир кызматкери да, сөз болуп жаткан аскердик порттун курулушу менен бирге чоң кемелердин Газага көбүрөөк көлөмдөгү гуманитардык жардамдарды жеткире аларын, бул жардамдын тамак-аш жана суу, ошондой эле дары-дармек жана убактылуу жайгашуу жабдууларын камтый турганын маалымдады.  

Жардамдардын Израиль менен координациялана турганын, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана тиешелүү бейөкмөт уюмдар менен иштеше тургандарын жана багыт катары да Түштүк Кипрдин Рум башкаруучулугунун Ларнака порту орун ала турган каттамдын колдонуларын айтты.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин да Израилдин коргоо министри Йоав Галлант менен телефондук сүйлөшүүсүндө Газадагы абалды талкуулады.

АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө Остин өлкөсүнүн Газадагы жарандарга абадан гуманитардык жардам көрсөтүүсүнө токтолуп, алардын аймакка жеткирилиши жана бөлүштүрүлүшүнүн шашылыш экендигине басым жасады. Тараптар Хамастын колундагы туткундарды бошотуу маселесин да карап чыгышты.

АКШ бийлиги, Израилдин кол салуулары уланып жатканда Тель-Авивге шартсыз колдоо көрсөткөнү үчүн катуу сынга алынып, Газадагы гуманитардык кризистин жооптууларынын бири катары көрсөтүлгөн.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында жарымына жакыны балдардан турган 31 миңге жакын жаран каза болду.



Тектеш кабарлар