Москва бүткүл Европа менен согушууга даярданып жатабы?

Орусия Федерациясынын Башкы штабынын Аскердик академиясынын директору, генерал Владимир Зарудницкий Коргоо министрлиги чыгарган «Военная мысль» журналына макала жарыялаган.

2112369
Москва бүткүл Европа менен согушууга даярданып жатабы?

Орусия Федерациясынын Башкы штабынын Аскердик академиясынын директору, генерал Владимир Зарудницкий Украинадагы согуш бүткүл Европага жайылып кетиши мүмкүн деп билдирди. Орус маалымат агенттиги РИАнын маалыматына ылайык, Зарудницкий бул тууралуу Коргоо министрлиги чыгарган «Военная мысль» журналында жарыяланган макаласында билдирген.

Зарудницкий өз макаласында: «Биз Украинадагы чыр-чатактын күчөп кетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгара албайбыз. Орусия менен согуштук кагылышуу үчүн колдонулган «прокси күчтөрдүн» саны көбөйүп, ал тургай Европада масштабдуу согуш башталышы мүмкүн», - деп жазган.

Генерал ошондой эле: «Биздин мамлекетке карата аскердик коркунучтардын негизги булагы-Орусияны толугу менен алсыратуу, анын суверенитетин чектөө жана аймактык бүтүндүгүн бузуп жаңы типтеги гибриддик согушту жүргүзүп жаткан АКШ жана анын союздаштарынын Орусияга каршы саясаты. Мамлекетибиздин жаңы аскердик кагылышууларга атайылап тартылуу ыктымалдыгы кыйла өсүүдө»,-деп кошумчалады.

Зарудницкий ошондой эле орус аскерлеринин кайра түзүлүшү боюнча комментарий берип, «коргонуу муктаждыктарына бүт орус коомчулугун бириктирүүгө» чакырды.



Тектеш кабарлар