Ирандын 3 арал боюнча каршы чыгуусу

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Кенани өлкөсүнүн аралдардын эгемендигин эч качан сүйлөшүүгө ачык тема катары көрбөгөнүн белгиледи.

2112222
Ирандын 3 арал боюнча каршы чыгуусу

Иран, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) да эгемендикти талап кылган Перс булуңундагы үч аралга байланыштуу БАЭ менен Кувейттин биргелешкен билдирүүсүн «кийлигишүүчү» деп мүнөздөдү.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Кенани: «Абу Муса, Чоң Тунб жана Кичи Тунб үч аралы Иран аймагынын ажырагыс жана түбөлүктүү бөлүгү болуп саналат жана аталган билдирүүдө же башка жолугушууларда кайталанган билдирүүлөр саясий жана укуктук жактан жокко эсе жана  Ирандын «ички иштерине кийлигишүү» катары кабыл алынат»,-деп айтты.

Кенани өлкөсүнүн аралдардын эгемендигин эч качан сүйлөшүүгө ачык тема катары көрбөгөнүн белгиледи.

Кувейттин эмири шейх Мешаал аль-Ахмед аль-Жабир ас-Сабах кечээ Бириккен Араб Эмирликтерине иш сапары менен келип, бул өлкөнүн президенти Мохаммед бин Заид Аль Нахайян менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин эки өлкөнүн биргелешкен билдирүүсүндө Бириккен Араб Эмирликтеринин Перс булуңундагы үч аралга карата эгемендик дооматтары баса белгиленди.

Иран менен БАЭ Ормуз кысыгына жакын жайгашкандыктан жана аймактагы мунай потенциалынан улам стратегиялык жактан орун алган Абу Муса, Чоң Тунб жана Кичи Тунб аралдарынын эгемендүүлүгүн талап кылышууда.

Аралдар 1971-жылга чейин Британиянын оккупациясында болгон. Британия 1971-жылы ноябрда аралдарды БАЭге өткөрүп берип чыгып кеткенден кийин,  Иран аралдарды дароо өз көзөмөлүнө алган. Бириккен Араб Эмирликтери аскердик күчтөрүн аралдарга жайгаштырган Иранды «баскынчы» катары сыпаттоодо. Аралдар боюнча укуктарынын байыркы доорлордо экенин айткан Иран, бул жерлердин 1903-жылы британиялыктар тарабынан убактылуу басып алынганын жана 1971-жылы кайра кайтарылганын, ошондуктан «Ошол мезгилде али түзүлө элек БАЭ эгемендикти талап кыла албай турганын» жактап келет.



Тектеш кабарлар