Орусия асманда Франциянын учактарына кийлигишти
Орус учагынын жакындашы менен «чет элдик аскер учактары РФ чек арасынан алыстап кетти». Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, чек араны бузуу катталган жок.
Орусия Федерациясынын Коргоо министрлиги Кара деңиздин үстүндө Франциянын үч учагынын мамлекеттик чек араны бузууга жол бербөө үчүн Су-27 үлгүсүндөгү согуштук учагы учурулганын билдирди. Билдирмеге караганда, экипаж Кара деңиздин үстүнөн «Франция аба күчтөрүнүн E-3F эрте эскертүүчү учагын жана эки көп функциялуу Rafale-S истребителин» табышкан.
Орус учагынын жакындашы менен «чет элдик аскер учактары РФ чек арасынан алыстап кетти». Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, чек араны бузуу катталган жок.
Мындай окуялар 2022-жылы башталган Украина согушуна чейин болгон, бирок жаңжал менен алар тез-тез боло баштаган.
2023-жылдын март айында Американын Reaper учкучсуз учуучу аппараты Кара деңиздин үстүндө орусиялык согуштук учак менен кагылышып, кулап түшкөн.