Израиль өкмөтү Батыш Шериада 3500 жаңы мыйзамсыз турак жай курууга уруксат берди

Израилдин ашкере оңчул отурукташуу жана улуттук көз караш министри Орит Строк өзүнүн социалдык медиа платформасы X эсебинде бул маселе боюнча билдирүү жасады.

2112030
Израиль өкмөтү Батыш Шериада 3500 жаңы мыйзамсыз турак жай курууга уруксат берди

Израиль басып алган Батыш Шериада 3500 жаңы мыйзамсыз турак жай курууга уруксат берди.

Израилдин ашкере оңчул отурукташуу жана улуттук көз караш министри Орит Строк өзүнүн социалдык медиа платформасы X эсебинде бул маселе боюнча билдирүү жасады.

Строк 3500 жаңы мыйзамсыз үй курууга макулдук бергенин ырастады.

Израилдин министри: «Биз бул жерлерге ээлик кылганыбыз үчүн мекенибизди курабыз. Өлкөбүз бардык кыйроолорго карабастан курулат. Биз өз эркибиздин күчү менен мекенибизди курабыз»,-деп айтты.

Израилдин ашынган оңчул каржы министри Безалел Смотрич да X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө 3500 мыйзамсыз жаңы үй куруу чечимин жарыялады.

Смотрич «азыркы өкмөт акыркы жылы Батыш Шериада 18515 турак үйдүн курулушуна лицензия бергенин» билдирди.

Израилдин каржы министри «курулушка уруксат берүүдөн тышкары, алар транспорт инфраструктурасын, жумуш менен камсыз кылууну жана жашоонун сапатын жакшыртуу үчүн да чоң инвестиция жасашканын» билдирди.

2023-жылдын 26-февралында Иорданиянын Акаба шаарында жана 2023-жылдын 19-мартында Египеттин Шарм аш-Шейх шаарында Палестина, Иордания, Египет жана Америка Кошмо Штаттарынын катышуусу менен өткөрүлгөн жыйындарда Израиль конуш салуу иштерин бир аз убакытка токтотууну макулдашкан.

Израилдин убадаларына карабастан отурукташуу иштери 2023-жылы акыркы 10 жылдын эң жогорку деңгээлине жетти.

Израилдин 1967-жылы басып алган Чыгыш Кудстагы үстөмдүгү жана ал жерде курган жөөт конуштары эл аралык мыйзамдарга ылайык мыйзамсыз деп табылган.



Тектеш кабарлар