ИКУнун кезексиз жыйынында Түркиянын сунушу

Израилдин Газадагы кан төгүүсүн токтотуу үчүн дипломатиялык аракеттер уланууда.

2111632
ИКУнун кезексиз жыйынында Түркиянын сунушу

Израилдин Газадагы кан төгүүсүн токтотуу үчүн дипломатиялык аракеттер уланууда.

Сауд Арабиянын Жидда шаарында өткөрүлгөн жана Түркияны тышкы иштер министри Хакан Фидан өкүлдүк кылган Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынында, Түркиянын сунушу менен Газадагы кризистин чечилиши үчүн эл аралык тынчтык конференциясы чакырыгы салынды.

Чакырыкта палестиналык жарандарды коргоо механизминин түзүлүшү керектиги баса белгиленип, Израилдин эл аралык уюмдарга, өзгөчө Бириккен Улуттар Уюмуна мүчөлүгүнүн токтотулушу талап кылынды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерришке Израилди, балдарга карата мыйзам бузуулардан улам «Балдар жана куралдуу кагылышуулар боюнча жылдык отчеттунун» тиркемесиндеги кара тизмеге киргизүү чакырыгы айтылып, Эл аралык кылмыш сотуна тарап болгон мүчө мамлекеттердин Палестинадагы кылмыштарды сотко жеткирүү өтүнүчү билдирилди.

Палестинанын Бириккен Улуттар Уюмуна толук кандуу мүчө болуу аракеттерине колдоо көрсөтүү чакырыгы дагы бир жолу кайталанып, Палестинаны тааный элек өлкөлөрдүн Палестинаны таануусу талап кылынды.

Израилдин 7-октябрдан бери Газага кол салууларында каза болгондордун саны 31 миңге, жаракат алгандардын саны 73 миңге жетти.



Тектеш кабарлар