Медведев Украина жерлери бөлүшүлгөн картаны көрсөттү
Медведев «Днепрдин эки жээгиндеги аймактын Россиянын тарыхый стратегиялык чек араларынын бөлүнгүс бир бөлүгү» экендигин айтты.
Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Дмитрий Медведев дүйшөмбү күнү Сочиде өткөн жаштар фестивалында Украина жерлеринин чоң бөлүгүнүн Россия, Польша, Румыния жана Венгриянын ортосунда бөлүштүрүлгөн карта көрсөттү. Картада бир гана Киев жана айланасындагы кичинекей бир аймактын үстүндө «Украина» деп жазылган.
Медведев өзгөчө «Днепрдин эки жээгиндеги аймактын Россиянын тарыхый стратегиялык чек араларынын бөлүнгүс бир бөлүгү» экендигин айтты. Ошол эле картада Приднестровье да Молдованын бир бөлүгү катары көрүнүүдө.
«Бүгүнкү абал1962 -жылдагыдан дагы начар»,- деген Медведев учурдагы абалды Куба ракета кризиси менен салыштырды. Медведев : «Бул Россияга каршы Америка куралы менен Американын атайын күчтөрү жана кеңешчилеринин катышуусу менен жүргүзүлгөн, толугу менен камсыздалган согуш»,- деди.
Тектеш кабарлар
Зеленскийге кол салууну пландаган тыңчылар кармалды
Бул тууралуу Украинанын Коопсуздук кызматынын (СБУ) жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.