Иранда жер титиреди

5,6 баллдык жеткен жер силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:50дө катталды.

2111004
Иранда жер титиреди

Ирандын Систан-Белужистан провинциясында күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө болду.

Ирандын Улуттук сейсмология борборунун маалыматына караганда, эпицентри Систан-Белужистан провинциясынын Фенуч кыштагында болгон күчү 5,6 баллга жеткен жер силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:50дө катталды.

Жер титирөөнүн 80 чакырым тереңдикте болгону айтылды.

Систан-Белужистандын кризисти башкаруу борборунун билдирүүсүндө, аймактан ушул убакка чейин зыян тууралуу маалымат түшпөгөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар