Иорданиядан Газага гуманитардык жардам

Бул тууралуу Иордания армиясынын расмий сайтында билдирүү жасалды.

2111444
Иорданиядан Газага гуманитардык жардам

Иордания Газа тилкесинин түндүгүнө "дос өлкөлөр" менен бирге гуманитардык жардам таштаганын жарыялады.

Бул тууралуу Иордания армиясынын расмий сайтында билдирүү жасалды.

Газанын түндүгүнө «дос жана боордош» өлкөлөрдүн кызматташтыгында 8 учак менен азык-түлүк жана гуманитардык жардам ташталганы маалымдалган билдирүүдө, Иорданиянын Куралдуу күчтөрүнүн Королдук аба күчтөрүнө таандык 3 даана С-130 үлгүсүндөгү учактан тышкары Америка Кошмо Штаттарынын 3, Египеттин 1 жана Франциянын 1 учагы менен жардамдардын жеткирилгени кабарланды.

«Ушул убакка чейинки эң чоң жардам операциясы» экени айтылган жардамдын Газанын түндүгүндөгү ар кайсы жерлерге түшүрүлгөнү белгиленди.

Израилдин Газага кол салууларын баштаган 7-октябрдан бери жалпы 28 абадан жардам көрсөтүлгөнү, мунун 15инин дос өлкөлөрдүн кызматташтыктагында ишке ашырылганы билдирилди.

Израиль Газага, өзгөчө түндүккө кургактыктан жардамдын кирүүсүнө бөгөт коюуда. Ушул себептен Иорданиядан тышкары Египет жана кээ бир өлкөлөр да Газага абадан гуманитардык жардам жеткиришкен.



Тектеш кабарлар