ЕБге мүчө өлкөлөрдүн ички иштер министрлери макулдашты

Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн ички иштер министрлеринин жыйынынан кийин пресс-конференция өткөрүлдү.

2110927
ЕБге мүчө өлкөлөрдүн ички иштер министрлери макулдашты

Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлери кызматташтыкты бекемдеп, чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү темасында макулдашты.

Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн ички иштер министрлеринин жыйынынан кийин өткөрүлгөн пресс-конференцияга Бельгиянын ички иштер министри Аннелис Верлинден, Бельгиянын иммиграция жана башпаанек министри Николь де Мур жана ЕБ Комиссиясынын ички иштер боюнча жооптуу мүчөсү Йлва Йоханссон катышты.

Верлинден, жыйындын күн тартибин чек ара көзөмөлүн күчөтүү, Шенген аймагы, уюшкан кылмыштуулук, баңги аткезчилиги жана кибер коркунучтар менен күрөшүү түзгөнүн айтып, коопсуздук коркунучтарынын бири-бири менен байланышы бар көйгөйлөрдү чечүүдө биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Министрлердин радикалдашуунун алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн терроризм жана экстремизмге каршы чаралардын күчөтүлүшү керектиги боюнча макулдашканын билдирген Верлинден, интернет чөйрөсүндө балдарга карата зомбулук менен күрөшүү үчүн мыйзам чыгаруу иштеринин уланып жатканын кабарлады.

Министр Верлинден, бул көйгөйдүн расизмге жана жек көрүүчүлүккө каршы тиешелүү социалдык медиа платформаларын күчтөндүрүү же кызматташуу аркылуу чечилерин маалымдады.

Жыйында чек ара жана жээк коопсуздук эрежелеринин каралышы темасында сүйлөшүүлөрдүн болгонун айткан де Мур, бул багытта Европа чек ара жана жээк коопсуздук агенттигинин (Frontex) эффективдүүлүгүн арттыруу керектигин баса белгиледи.

Йоханссон да Европага деңиз аркылуу өтүүгө аракет кылган көптөгөн иммигранттын каза тапканын белгилеп: «Муну чындап токтотуунун жалгыз жолу – аткезчилердин бул өтө кооптуу жолдордо адамдарды алып кетүүсүнө бөгөт коюу. Менин оюмча муну кылууга милдеттүүбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар