БУУ Газадагы акыркы кырдаалга токтолду

БУУнун Башкы Ассамблеясында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Газада ок атышууну токтотууну талап кылган акыркы резолюциясына АКШнын вето коюшу талкууланган сессия өткөрүлдү.

2110906
БУУ Газадагы акыркы кырдаалга токтолду

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 78-Башкы Ассамблеясынын төрагасы Деннис Фрэнсис : "Газадагы абал коркунучтуу, ырайымсыз жана уят. Азык-түлүк жардамдары учурунда жүздөгөн адамдардын каза болушунан жана жаралануусунан үрөйүм учту",- деди. 

БУУнун Башкы Ассамблеясында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Газада ок атышууну токтотууну талап кылган акыркы резолюциясына АКШнын вето коюшу талкууланган сессия өткөрүлдү.

Фрэнсис бул жердеги сөзүндө:"Газадагы абал коркунучтуу, ырайымсыз жана уят. Азык-түлүк жардамы учурунда жүздөгөн адамдардын каза болушу жана жарадар болушу менин үрөйүмдү учурду",-деп айтты.

Сөз болгон кол салуунун 2023-жылдын 7-октябрынан кийин каза болгондордун саны 30 миңден ашканда болгонуна көңүл бурган Фрэнсис, миңдеген баланын каза болгонун жана алардын кыялдарынын согуш коркунучунда жок болгонун белгиледи.

Фрэнсис акыркы отчеттордо Газада ымыркайлардын ачкачылык жана жетишсиз тамактануу себебинен каза болгонун ортого салганын белгилеп: "(Газа элинин) кыялдары талкаланды, келечеги жок кылынды",-деп айтты.

Газа калкынын болжол менен 85 пайызынын жер которгондугун белгилеген Деннис Фрэнсис, өзгөчө Рефахка карай абадан кол салуулардын көбөйүшүнө терең тынчсызданганын баса белгиледи.

Израилдин гуманитардык жардам чектөөлөрүнүн адам өмүрүн сактап калуучу жардамдын ташылышына чоң тоскоолдук кылганына көңүл бурган Фрэнсис: «Январь айынан февраль айына чейин Газага күн сайын кирген жардам унааларында 50 пайыздык азаюу бар»,-деди. 

Дароо гуманитардык ок ​​атышпоонун түзүлүшү керектигин белгилеген Фрэнсис : «Бомбалоо токтотулушу керек»,-деп баса белгиледи.

Бардык тараптардын эл аралык гуманитардык укук жана эл аралык адам укуктары мыйзамдарына баш ийүүсү керектигин белгилеген Фрэнсис ошондой эле гуманитардык жардамдын толук жана тоскоолдуксуз ташылышынын камсыздалышы керектигин айтты.

Бардык туткундардын эч кандай шартсыз жана дароо бошотулушу керектигин белгилеген Деннис Фрэнсис: «Бул жумада кайгылуу бурулушка жеттик, зомбулук 150 күндөн бери уланууда»,-деди. 

Израилдин Газа тилкесиндеги 7-октябрдан бери уланган кагылышууларында дээрлик жарымы балдар болгон 30 миңден ашуун палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар