Хамас Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу үчүн аракет кылып жатканын билдирди
Хамастын атын атагысы келбеген жооптуу кызматкери, Хамастын делегациясынын Египеттин борбор шаары Каирге барып, Францияда өткөн сүйлөшүүлөрдө мурда көтөрүлгөн сунушка байланыштуу Египет жана Катар жетекчилери менен жолугушууларды өткөргөнүн айтты.
Палестиналык каршылык көрсөтүү уюму Хамас Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жана Израилдин аскерлерин ал жерден чыгарып кетиши үчүн олуттуу иштеп жатканын билдирди.
Хамастын атын атагысы келбеген жооптуу кызматкери, Хамастын делегациясынын Египеттин борбор шаары Каирге барып, Францияда өткөн сүйлөшүүлөрдө мурда көтөрүлгөн сунушка байланыштуу Египет жана Катар жетекчилери менен жолугушууларды өткөргөнүн айтты.
Хамастын ок атышпоо жана Израиль аскерлеринин Газадан бүтүндөй чегинүүсүн камсыздай турган келишимге жетишүү үчүн олуттуу иштеп жатканын белгилеген жооптуу кызматкер, келишимдин күнү аныктала электигин айтты.
Хамастын дагы бир өкүлү Haaretz гезитине маек куруп, жаңы туткун алмашуу боюнча тараптардын ортосунда «бир нече күндүн ичинде келишим түзүлүшү мүмкүн» деген маалымат менен бөлүштү.
Тель-Авив башкаруусу менен Хамастын ортосундагы биринчи жолугушуу туткун алмашуу келишиминин алкагында 13-февралда Египеттин борбор шаары Каирде өткөрүлдү.
Кийинчерээк бул сүйлөшүүлөр Франциянын борбору Парижде улантылды.
Тектеш кабарлар
Кытай космоско 4 спутнигин учурду
4 спутник учурулгандан кийин пландалган орбиталык позицияларына жайгашты.