Израиль жардам күткөндөргө дагы кол салды

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Ашраф аль-Кудра жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израиль күчтөрүнүн Газанын түндүгүндө жүз миңдеген ачка кишиге карата системалуу түрдө геноциддик согуш жүргүзүп жатканын белгиледи.

2110303
Израиль  жардам күткөндөргө дагы кол салды

Израиль армиясынын Газа тилкесинин түндүгүндө гуманитардык жардам күткөн палестиналыктарга жаңы кол салуусунан көп сандаган кишинин каза болгондугу жана жараланганы белгиленди.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Ашраф аль-Кудра жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израиль күчтөрүнүн Газанын түндүгүндө жүз миңдеген ачка кишиге карата системалуу түрдө геноциддик согуш жүргүзүп жатканын белгиледи.

Кудра Израиль аскерлеринин Газа шаарынын түштүгүндөгү Эль-Кувейти кесилишинде «коркунучтуу кыргын» кылганын, көп сандаган кишинин каза болгондугун жана жараланганын белгиледи.

Кечээ Израиль армиясынын Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Дейр Бела аймагында гуманитардык жардам унаасын бутага алышынын натыйжасында 9 киши каза болуп, ондогон киши жараланды.

29-февралда Израиль армиясы Газа шаарынын түштүгүндө гуманитардык жардам күткөн палестиналыктарды бомбалоо жана ок чыгаруу менен бутага алган жана кол салууда 118 киши каза болуп, 760 киши жараланган.



Тектеш кабарлар