Зеленский абадан коргонуу системасын талап кылды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын түнү "Шахед" үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараты Одесса шаарындагы бир имаратты атуусу менен  2 кишинин каза болгондугун, 8 кишинин анын ичинен  1 баланын жаракат алгандыгын билдирди.

2110021

Зеленский  социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө : "Россиянын жарандар менен согушууну уланткандыгын" белгилеп орус армиясынын "Шахед" үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттары менен Харьков, Одессажана Суми аймагындагы шаарларга кол салгандыгын билдирди. 

Учкучсуз учуучу аппараттардын биринин Одессадагы бир имаратка келип түшкөндүгүн белгилеген Зеленский : "18  батир талкаланды. Эки киши каза болду, араларында бир бала да болгон сегиз киши жараланды. Каза болгондордун үй  -  бүлө жана жакындарына көңүл айтамын",- деди. 

Зеленский өнөктөштөрүнө кайрылуусунда  абадан коргонуу системаларынын керек экенин белгиледи.

2022 - жылдын 24 - февралында Россиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук берүү менен Россия  - Украина согушу башталган. 

Путин Киевдин НАТОго кирүүсүнө жол бербөө жана  Россиянын таасиринде калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацизмди жоюну максат кылып жатканын билдирген.

Тектеш кабарлар