Израиль Газадагы согуш кылмыштарын үзгүлтүксүз улантууда

7 - октябрдан бери Израилдин кол салууларында 30 миң 228 палестиналык каза болуп, 71 миңден ашуун киши жараланды. Көп сандаган палестиналык азыр да уранды астында.

2109924
Израиль Газадагы согуш кылмыштарын үзгүлтүксүз улантууда

7 - октябрдан бери Израилдин кол салууларында 30 миң 228 палестиналык каза болуп, 71 миңден ашуун киши жараланды. Көп сандаган палестиналык азыр да уранды астында.

Израиль күчтөр Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Дейр аль-Балах шаарына сокку урду. Эки үй менен мечиттин жарылуусунан кеминде 15 киши каза болду.

Израил Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарын да бомбалады. Каза болгондор жана жабыркагандардын көп экени, арасында балдардын да бар экендиги маалымдалды.

Израиль Газа тилкесинин  түштүгүндөгү Рафах шаарын да бомбалады. Каза болгондор жана жабыркагандардын көп экени, арасында балдардын да бар экендиги маалымдалды. Жибалия качкындар лагерине да кол салган Израиль  70 палестиналык баш калкалаган бир үйдү бомбалап, кол салууда каза болгондор болду.

Израиль армиясы Бейт Ханунда да жарандар отурукташкан жерлерди аткылап, кыргын кылды.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары Израиль кол салууларына байланыштуу маалымат берди.

Израилдин бомбалоосу менен Газада туткундагы 7 израилдик жаранды өлтүргөнүн жарыялады.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Гебрейесус Шифа ооруканасында кризиске байланыштуу маалымат берди.

Ооруканада өнөкөт жетишсиз тамактануу менен жабыркаган көптөгөн баланын бар экенин белгилеген Гебрейесус Газа үчүн ок атышпоо чакырыгын кайталап : «Аймактагы кыйроонун көлөмүн айтууга сөз жетпейт»,-деди.



Тектеш кабарлар