Грецияда студенттер менен мугалимдер 8 - жолу митингге чыгышты

Өкмөттүн парламенттен өткөрүүнү пландаган менчик университеттерге байланыштуу жаңы долбооорго каршы экендерин билдирген митингчилер билим берүүгө дагы көп бюджеттин бөлүнүшүн талап кылды.

2109767
Грецияда студенттер менен мугалимдер 8 -  жолу митингге чыгышты
yunanistan ogrenciler eylem.jpg
yunanistan ogrenciler eylem1.jpg

Грецияда студенттер менен мугалимдер өкмөт иштеп жаткан жана өлкөдө менчик университеттердин ачылышына мүмкүнчүлүк бере турган мыйзам долбооруна каршы  8 – жолу митинг өткөрүштү.

Борбор шаар Афинада жолугушкан студенттер менен мугалимдер митинг өткөрүштү.

Өкмөттүн парламенттен өткөрүүнү пландаган менчик университеттерге байланыштуу жаңы долбооорго каршы экендерин билдирген митингчилер билим берүүгө дагы көп бюджеттин бөлүнүшүн талап кылды.

Бир тараптан студенттер өткөн жылы  28 -  феврль күнү кечинде Лариса жакындарындагы Темпи аймагында болгон поезд кырсыгында каза болгон  57 кишинин атын кызыл боектор менен парламент имаратынын алдына жазды жана кырсыктын жооптууларынын жазаландырылышын талап кылышты.

Грецияда  менчик университеттер жок. Жогорку окуу жайларында "колледж" деген аталышта билим берген окуу жайлардын дипломдору өлкөдө таанылбайт.

Өкмөт өлкөдө жеке ЖОЖдорго иш алып барууга жана иштеп жаткан колледждердин дипломдорун таанууга мүмкүндүк берүүчү мыйзам долбоору боюнча иштеп жатат.

Студенттер жана  мугалимдер  8 жумадан бери ар бейшемби күнү уюштурган нааразылык акциялары менен  менчик университеттер жөнүндөгү жаңы мыйзам долбооруна каршы чыгышууда.  

 



Тектеш кабарлар